Мындан ары
керектөөчү максаттарга тез кредитти алуу үчүн “Компаньон” тиркемесинин колдонуучуларынын тапшырык берүү үчүн банктын кеңселерине кайрылуунун жана документтерди чогултуунун кажети жок. Оперативдүү кароодон кийин, акча каражаттары тиркеменин балансына түз которулат.
Маанилүү! Онлайн кредитти тиркеменин идентификацияланган гана колдонуучулары ала алышат.Кредиттин валютасыСом
Кредит алуучуга талаптарЖалданып иштеген жана расмий айлык акы алган жеке жактар (айлык акы тууралуу маалымат Банк тарабынан КРнын Социалдык фонду аркылуу текшерилет) жана/же бизнес менен алектенген жеке ишкерлер. КРнын 18ден 68 жашка чейинки жарандары.
Кредиттин суммасыАралыктан
идентификациядан өткөн “Компаньон” мобилдик тиркемесинин колдонуучулары үчүн: 500- 15 000 сомго чейин.
Банктын кеңселеринин биринде
толук идентификациядан өткөн “Компаньон” мобилдик тиркемесинин колдонуучулары үчүн:
- банктын кайрадан келген кардарлары үчүн - 500-200 000 сомго чейин;
- банктын жаңы кардарлары үчүн - 500 сомдон 100 000 сомго чейин.
Кредитти берүүКредит “Компаньон” тиркемесинин балансына түшөт.
Кредиттин мөөнөтү- Алыстан идентификацияланган мобилдик тиркеменин колдонуучулары үчүн 1 айдан 12 айга чейин. (кредиттин суммасына жараша)
- Толук идентификацияланган мобилдик тиркеменин колдонуучулары үчүн 1 айдан 24 айга чейин.(кредиттин суммасына жараша)
Номиналдык пайыздык ченЖылдык 29,9%
Эффективдүү пайыздык ченЖылдык 35,05%дан тарта
КамсыздандырууКепилдиксиз жана күрөөсүз
Кредитти төлөөнүн тартибиАй сайын бирдей төгүм менен
Мөөнөтүнөн мурда кредитти төлөөнүн шарттарыАйып пул жок