Онлайн депозит «Пенсиялык»
Пенсионерлер үчүн жогорулатылган пайыздык чен
200 с баштап
мин. депозит
мин. мөөнөтү
15% чейин
3 ай
жылына сом менен
  • до 15% годовых в сомах
  • от 3х месяцев
  • от 100 сомов
Акчасын топтоп жана көбөйтүүнү каалаган пенсионерлер жана 55 жаштан жогору жактар үчүн Пенсиялык депозит Компаньон мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.

55 жашка чыга элек, бирок пенсиялык күбөлүккө ээ кардарлар Банктын каалаган кеңселеринен пенсиялык күбөлүктүн негизинде «Пенсиялык» депозитин ача алышат.
ПАЙДАЛУУ ЧЕНДЕР 15%ГА ЧЕЙИН ЖЫЛЫНА СОМ МЕНЕН;
✔ Депозитти каалаган убакта тиркемеде комиссиясыз толуктоо:
  • банк эсебинен;
  • ЭЛКАРТ жана VISA төлөм карталарынан;
  • Компаньон тиркемесинин балансынан;
  • Компаньон Банкынын төлөм терминалдарында.
✔ Депозитти башка электрондук капчыктардан, төлөм терминалдарынан, башка банктардын мобилдик банкингинен толуктоо;
✔ Топтолгон каражатты тиркемеде көзөмөлдөө  мүмкүнчүлүгү;
✔ Кирешенин болжолдуу суммасын эсептөө үчүн калькулятор;
✔ Депозиттер КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги тарабынан камсыздандырылган.
Продуктынын аталышы
«Пенсиялык» аманат
Продуктынын классификациясы
Жеке жактардын аманаты.Толуктоо мүмкүнчүлүгү бар, топтоо аманаты.
Аманатты үчүнчү тарап дагы толуктай алат.
Продуктынын мүнөздөмөсү
Өзү топтогон каражаттарды сактап гана калбастан, аны көбөйтүүнү каалаган аманатчылар (пенсионерлер жана 55 жашка келген адамдар) үчүн продукты.
Валюта
KGS, USD
Сактоо мөөнөтү
3 айдан 36 айга чейин
Аманаттын алгачкы минималдуу суммасы
200 KGS; 10 USD
Аманаттын алгачкы максималдуу суммасы
20 000 000 сом, 250 000 USD
Бир жолку толуктоонун минималдуу суммасы
Чектөө жок
Бир айлык толуктоонун максималдуу суммасы
3 000 000 сом, 15 000 USD
Аманатты кошумча толуктоого чектөөлөр
Төмөнкү учурларда Аманатты толуктоого жол берилбейт:
- 6 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө ачылган Аманаттын мөөнөтү бүтөөрүнө 2 ай калган учурда;
- ошондой эле 12 ай жана андан ашык мөөнөткө ачылган Аманаттын мөөнөтү бүтөөрүнө 3 ай калган учурда.
Аманаттын тиби
Мөөнөттүү топтоо аманат
Пайыздарды капиталдаштыруу
Каралган эмес
Жарым-жартылай алуу
Каралган эмес
Пайыздарды төлөп берүү
Ай сайын. Пайыздарды Банкта ачылган эсепке, анын ичинде Пенсионердин Картасы боюнча Банкта ачылган эсепке же кардардын каалоосу боюнча башка түрдүү карта боюнча төлөп берүүгө мүмкүн.
Депозитти ачуу үчүн керектүү документтер/шарттар
1.Инсанды ырастаган документ.
2.Пенсиялык күбөлүк (болгондо).
Мөөнөтүнөн мурда бузуу

-Аманат боюнча эсептелген жана/же капиталдаштырылган пайыздар пайыздардын капиталдаштыруунун шарттарын колдонбостон эсептелинет жана KGS боюнча 3% жана АКШ доллар боюнча 0% пайыздык чени боюнча төлөнүп берилет.
Кошумча маалыматтар
Келишимди автоматтык түрдө узартуу каралган эмес. Аманат төлөө (кайтарып берүү) мөөнөтү аяктаган күнү Аманатчы келбесе жана аманаттын (депозиттин) суммасын талап кылбаса, Банк аманаттын суммасын жана эсептелген пайыздарды ошол эле күнү Аманатчынын талап кылганда төлөп берчү эсебине которот.
Башка шарттар

«Банк Компаньон» ЖАК депозиттер боюнча мөөнөтүнө жана депозиттин суммасына жараша жеке пайыздык чендерди белгилөө укугун өзүндө калтырат.

Натыйжалуу пайыздык чен сом менен 16.08% чейин
Натыйжалуу пайыздык чен АКШ доллары менен 2.53% чейин
"Компаньон Банкы" ЖАК аманаттардын мөөнөтүнө жана суммасына жараша аманаттар боюнча жеке пайыздык чендерди коюга өзүнүн укугун сактап калат.
2024-жылдын 1-мартан баштап жарактуу.
Депозитти ачуу үчүн, мобилдик тиркемеде алдын ала банктык эсепти ачуу керек. Эсеби бар болгон банктын кардарлары үчүн жаңы эсепти ачуунун кереги жок.
“Компаньон” тиркемесинде депозит ачуу үчүн төмөнкү аракеттерди жасоо зарыл:
1. Тиркеменин башкы бетинде «Банктык продуктулар» функционалдык менюсунан «Пенсиялык Депозити» бөлүгүн тандоо;
2. «Депозиттер» бөлүгүндө тизмеден «Жаңы депозит ачуу» дегенди тандоо;
3. Кийинки ачылган терезечеде депозит тууралуу маалымат менен таанышып, депозитти эсептөө үчүн “Андан ары” баскычын басуу;
4. Депозитти эсептөө терезечесинде төмөнкү талаачаларды толтуруу:
✓ «Депозиттин суммасы» — алгачкы салымдын суммасы көрсөтүлөт;
✓ «Депозиттин мөөнөтү» — убактылуу шкаладан депозиттин мөөнөтү тандалат;
✓ «Пландалган ар ай сайын толуктоо» — ар айлык толуктоонун суммасы көрсөтүлөт.
Талаачаларды толтургандан кийин, депозиттин жалпы суммасы, ар айлык толуктоонун суммасы жана депозит боюнча киреше эсептелип, көрсөтүлөт.
5. Депозитти ачууну тастыктоого өтүү жана акчаны чыгарып алуу үчүн эсепти көрсөтүү үчүн “Андан ары” баскычын басуу.
6. «Ырастоо» терезечесинде мурда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын карап чыгып керек
7. Акчаны чыгарып алуу эсебин тандагандан кийин, берилген жөндөөлөр боюнча депозитти ачуу үчүн “Андан ары” баскычын басуу зарыл.

Депозиттин ачылгандыгы тастыкталгандан кийин, операция бир канча убакыт иштетилет, андан кийин депозит ийгиликтүү ачылгандыгы тууралуу маалымат пайда болот. Ачылган депозит “Депозиттер” бөлүгүндө көрсөтүлөт.
Сиздин Компаньон.
Сиздин мобилдик банкыңыз.
Эсептериңизге жана онлайн которууларга 24/7 жеткиликтүүлүк, кызматтар үчүн төлөө жана башка артыкчылыктары
Суроолоруңуз барбы?
Веб-сайтыбызда эң жакшы тажрыйбаны берүү үчүн cokie-файлдарын колдонобуз.
OK