Онлайн депозит «Мөөнөттүү»
Максималдуу киреше алууну каалагандар үчүн
1000 с баштап
мин. депозит
мин. мөөнөтү
15% чейин
3 ай
жылына сом менен
Акча каражаттарыңызды топтоп, ай сайын кошумча киреше алыңыз!
  1. Келечекке жыйнаган каражаттар
  2. Туруктуу киреше алуу
  3. Туруктуу уюмга жайгаштыруу аркылуу жыйнаган каражаттарынын коопсуздугун камсыздоо
  4. Компаньон мобилдик тиркемеси аркылуу ачуу
ПАЙДАЛУУ ЧЕНДЕР 15%ГА ЧЕЙИН ЖЫЛЫНА СОМ МЕНЕН!
✔ Пайдалуу чендер;
✔ Чогултулган каражатты сактоо жана кошумча кирише алуу;
✔ Топтолгон каражатка тиркемеде көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү;
✔ Кирешенин болжолдуу суммасын эсептөө үчүн калькулятор;
✔ Депозиттер КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги тарабынан камсыздандырылган.
Аманаттын
минималдуу суммасы
1000 сом; USD 50;
Депозиттин максималдуу суммасы
20 000 000 KGS; USD 250 000;
Депозиттин түрү
Аманат мөөнөттүү салымы
Толуктоо мүмкүнчүлүгү
Алдын ала каралган эмес
Жарым-жартылай акча алуу
Алдын ала каралган эмес
Алгачкы аманатты салуу
Келишимге кол койгон күнүндө
Пайыздарды төлөө
Ай сайын, пайыздарды төлөө пландуу күндөрү боюнча (Аманат келишимине кол коюу күнүнө окшош ар бир айдын күнү), талап боюнча төлөнүүчү эсебине которуу аркылуу.
Мөөнөтүнөн мурда бузуу
Мөөнөтүнөн мурда бузуу мүмкүнчүлүгү менен, аманаттын максималдуу мөөнөтү 36 ай. Аманатты анын ээси мөөнөтүнөн мурда бузган учурда пайызы кайра эсептелип, төмөндөгү схема боюнча төлөнүп берилет:
- 12 ай жана андан узак мөөнөткө (каражаттар эсебинде 12 ай же андан узак сакталса), алгачкы аманаттан келишимди бузган учурга чейин каражаттарды иш жүзүндө жайгаштырган факт жүзүндөгү мөөнөткө төп келген, келишим түзүлгөн учурдагы пайыздык чендердин шкаласына ылайык пайыздык чендин 3% өлчөмүндө;
- 12 айга чейинки мөөнөттө - 0% пайыздык коюм боюнча;
- мөөнөтүнөн мурда бузган учурда төлөнгөн пайыздык чени аманатты бузуп жаткан учурда банк талап кылганда төлөп берчү аманаттын
Кошумча маалыматтар
Автоматтык түрдө узартуу каралган эмес. Эгерде кардар келишимди узарткысы келсе, ал аманатты төлөө мөөнөтү аяктаганга 3 күн калганга чейин эскертип, келишимдин жаңы шарттары тууралуу Банк менен макулдашууга милдеттүү. Аманатчы аманатты төлөө күнү келбесе жана аманаттын суммасын төлөп берүүнү талап кылбаса, аманаттын суммасы жана эсептелген пайыздар ошол эле күнү Банк тарабынан Аманатчынын талап кылганда төлөп берчү эсебине которулат.
*Эффективдүү пайыздык чен сом менен 16,06% чейин, доллар менен 2,53% чейин
"Компаньон Банкы" ЖАК аманаттардын мөөнөтүнө жана суммасына жараша аманаттар боюнча жеке пайыздык чендерди коюга өзүнүн укугун сактап калат.
2024-жылдын 1-мартан баштап жарактуу.
Депозитти ачуу үчүн, мобилдик тиркемеде алдын ала банктык эсепти ачуу керек. Эсеби бар болгон банктын кардарлары үчүн жаңы эсепти ачуунун кереги жок.
“Компаньон” тиркемесинде депозит ачуу үчүн төмөнкү аракеттерди жасоо зарыл:
1. Тиркеменин башкы бетинде «Банктык продуктулар» функционалдык менюсунан «Мөөнөттүү » бөлүгүн тандоо;
2. «Депозиттер» бөлүгүндө тизмеден «Жаңы депозит ачуу» дегенди тандоо;
3. Кийинки ачылган терезечеде депозит тууралуу маалымат менен таанышып, депозитти эсептөө үчүн “Андан ары” баскычын басуу;
4. Депозитти эсептөө терезечесинде төмөнкү талаачаларды толтуруу:
✓ «Депозиттин суммасы» — алгачкы салымдын суммасы көрсөтүлөт;
✓ «Депозиттин мөөнөтү» — убактылуу шкаладан депозиттин мөөнөтү тандалат;
✓ «Пландалган ар ай сайын толуктоо» — ар айлык толуктоонун суммасы көрсөтүлөт.
Талаачаларды толтургандан кийин, депозиттин жалпы суммасы, ар айлык толуктоонун суммасы жана депозит боюнча киреше эсептелип, көрсөтүлөт.
5. Депозитти ачууну тастыктоого өтүү жана акчаны чыгарып алуу үчүн эсепти көрсөтүү үчүн “Андан ары” баскычын басуу.
6. «Ырастоо» терезечесинде мурда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын карап чыгып керек
7. Акчаны чыгарып алуу эсебин тандагандан кийин, берилген жөндөөлөр боюнча депозитти ачуу үчүн “Андан ары” баскычын басуу зарыл.

Депозиттин ачылгандыгы тастыкталгандан кийин, операция бир канча убакыт иштетилет, андан кийин депозит ийгиликтүү ачылгандыгы тууралуу маалымат пайда болот. Ачылган депозит “Депозиттер” бөлүгүндө көрсөтүлөт.
Сиздин Компаньон.
Сиздин мобилдик банкыңыз.
Эсептериңизге жана онлайн которууларга 24/7 жеткиликтүүлүк, кызматтар үчүн төлөө жана башка артыкчылыктары
Суроолоруңуз барбы?
Веб-сайтыбызда эң жакшы тажрыйбаны берүү үчүн cokie-файлдарын колдонобуз.
OK