Тиркемеге кирүү жана катталуу үчүн төмөнкүлөр керек:
1. Мобилдик телефондун экранындагы тиркеменин ярлыгын басыңыз.
2. "Маалымат коопсуздугу" терезесинде, сиз Купуялык саясатын окуп чыгышыңыз керек жана "Макул" баскычын басыңыз.
3. Авторизация терезечесинде тиркеме байланган мобилдик телефон номерди киргизиңиз. Оферта жана колдонуучулук макулдашуу менен таанышууну ырастап, макулдукту чымчыкча белгиси менен белгилеп, "Улантуу" баскычын басыңыз..
4. Андан кийин, сиз коопсуз сыр сөздү ойлоп таап, аны ырасташыңыз керек. Сыр сөз кеминде 6 белгиден турушу керек жана тамгалар менен сандарды камтышы зарыл.
5. Катталуудан ийгиликтүү өткөндөн кийин, бир жолку кодду камтыган SMS-билдирүү келет. Аны кийинки терезечеге жазуу зарыл.
Көңүл буруңуздар!
Бир жолку код 1 мүнөт жарактуу. Жандыруу кодунун мөөнөтү бүткөн учурда, сиз кайрадан коду менен SMS-билдирүүнү алууга сурам жөнөтүшүңүз керек!
6. Андан соң 4 орундуу ПИН-кол ойлоп табуу жана аны ырастоо зарыл.
*Коопсуз жана кыйла татаал ПИН-кодду ойлоп табуу сунушталат. Бул ПИН-кодду мобилдик тиркемеге кирген сайын киргизүү керек болот. Телефон номеринин акыркы сандары, туулган күнү ж.б. сыяктуу ачык, оңой болжолдонгон айкалыштардан качуу сунушталат.
Көңүл буруңуз!
Эгер мобилдик телефондо мурда манжа изинин жардамы менен (Touch ID) тиркемелерди ачуу колдонулуп келсе, анда кийинки терезечеде мобилдик тиркемеге кирүү үчүн манжа изинин сканерин колдонуу сунушталат: Touch Idни колдонуудан баш тарткан учурда, мобилдик колдонмонун башкы бети автоматтык түрдө ачылат.
МААНИЛҮҮ!!!
Эгерде кардар өзүнүн паролун же ПИН-кодун унутуп/туура эмес киргизген болсо, тиркеменин башкы экранында калыбына келтирүү жөнүндө билдирүү пайда болот.
Бул учурда, төмөнкү кадамдарды аткарыңыз:
1-кадам. Компаньон мобилдик тиркемесине байланган телефон номерин киргизиңиз. Кийинки бетте Компаньон мобилдик тиркемесинин сыр сөзүн киргизиңиз. Эгер сиз паролду унутуп калсаңыз, экрандын ылдый жагындагы "Паролду унутуп калдыңызбы?" баскычын басып, аны кайтара аласыз. Эгер телефонуңуздун клавиатурасы ачык болсо, "Паролду унутуп калдыңызбы?" баскычы экрандын ортосуна жылат.
2-кадам. Андан соң сыр сөздү калыбына келтирүүнү сунуштаган терезе пайда болот. Сыр сөздү калыбына келтирүү башталганга чейин, "Баштоо" баскычын басыңыз. Кадрда чоочун адамдар жок экенин текшериңиз, анткени идентификациялоо башталат.
4-кадам. “Баштоо” баскычын баскандан кийин, фронталдык камера автоматттык түрдө ишке киргизилет жана видеодогу жүзүңүздүн сүрөтүн текшерүү башталат.
5-кадам. Андан кийин идентификациялоо ийгиликтүү өткөндүгу тууралуу билдирүү жана “Жаңы паролду түзүү” баскычы пайда болот.
6-кадам. "Жаңы паролду түзүү" баскычын басуу менен, сиз мобилдик тиркемеңизге жаңы сыр сөз орното турган жаңы баракка өтөсүз. Пароль 6дан 18ге чейин белгиден турушу керек жана тамгаларды да, сандарды да камтышы зарыл.
Маанилүү! Сиз туура эмес паролду киргизүүгө 6 жолу аракет кылсаңыз болот, андан кийин сыр сөздү баштапкы абалга келтиришиңиз керек.
Ошондой эле, ПИН-кодду же паролду өзүңүз өзгөртүп, тиркемени кулпулай аласыз. Ал үчүн мобилдик тиркеменин менюсунан "Коопсуздук" бөлүгүнө өтүү керек.
Бул бөлүмдө:
• Сыр сөздү өзгөртүү
• ПИН-кодду алмашытруу
• Мобилдик тиркемени бөгөттөө мүмкүн
Эгер маалыматыңыз шылуундардын колуна тийди деп шектенсеңиз же үчүнчү адам тиркемеңизди колдонгон болушу мүмкүн деп шектенсеңиз, тиркемени бул бөлүмдө бөгөттөөгө болот.
• Бардык түзмөктөрдөн чыгуу
В Коопсуздук бөлүмү тиркемеңиз иштеп жаткан бардык түзмөктөрдү тизме катары көрсөтөт.“Төмөнкү учурларда "Бардык аппараттардан чыгуу" командасын ишке ашырууга мүмкүн:
- эгер сиз аппаратты жоготуп / өзгөртүп, тиркеменин жаңысына орнотсоңуз, эски түзмөктөн чыга аласыз.
- эгер сиз тиркемени колдонбогон шектүү түзмөктү көрсөңүз.
Чыккандан кийин, учурда колдонуп жаткан смартфонуңуздан тиркемеге кире аласыз.
"Компаньон" мобилдик тиркемесинде иштөө үчүн талаптар;
Иштөө үчүн төмөнкүлөр керек болот:
1. Версиясы 6.0 Android же 4.1.0 жана андан жогорку версиядагы iOS операциялык системасындагы мобилдик телефон;
2. Интернет тармагына кирүү;
3. Бир жолку сыр сөзү бар SMS -билдирүүлөрдү алуу үчүн карта. SMS-картанын номери мобилдик телефондун номерине дал келиши керек.