Онлайн депозит «Топтолуучу»
Көбөйтүлгөн чен боюнча атайын депозити
200 с баштап
мин. депозит
мин. мөөнөтү
14,5% чейин
3 ай
жылына сом менен
  • до 15% годовых в сомах
  • от 3х месяцев
  • от 100 сомов
Бул продукт ири сатып алуу үчүн акча топтоону каалаган аманатчылар үчүн. Компаньон мобилдик тиркемесинде толуктоо жана ачуу мүмкүнчүлүгү менен депозит.
Продуктунун артыкчылыгы жоготуу, ашык сарп кылуу тобокелинен, киреше деңгээлине карабастан жеткиликтүү депонирлөө суммасынын аркасы менен жыйнаган каражаттарын сактоо мүмкүнчүлүгү болуп саналат.
ПАЙДАЛУУ ЧЕНДЕР 14,5%ГА ЧЕЙИН ЖЫЛЫНА СОМ МЕНЕН;
✔ Депозитти каалаган убакта тиркемеде комиссиясыз толуктоо:
  • банк эсебинен;
  • ЭЛКАРТ жана VISA төлөм карталарынан;
  • Компаньон тиркемесинин балансынан;
  • Компаньон Банкынын төлөм терминалдарында.
✔ Депозитти башка электрондук капчыктардан, төлөм терминалдарынан, башка банктардын мобилдик банкингинен толуктоо;
✔ Топтолгон каражатка тиркемеде көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү;
✔ Кирешенин болжолдуу суммасын эсептөө үчүн калькулятор;
✔ Депозиттер КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги тарабынан камсыздандырылган.
Продуктынын аталышы
«Топтомо» аманаты
Продуктынын классификациясы
Жеке жактардын аманаттары, Толуктоо мүмкүндүгү менен топтомо аманат.
Аманатты үчүнчү жактар да толуктай алышат.
Валюта
KGS, RUB
Аманаттын мөөнөтү
KGS 3 айдан 36 айга чейин, RUB 3 айдан 12 айга чейин.
Аманаттын минималдуу баштапкы суммасы
200 KGS, 1 000 RUB.
Аманаттын максималдуу баштапкы суммасы
20 000 000 KGS, 15 000 000 RUB
Бир жолку толуктоонун минималдуу суммасы
Чектөө жок
Айына толуктоонун максималдуу суммасы
3 000 000 KGS, 3 000 000 RUB
Аманатты кошумча толуктоого чектөөлөр
Төмөнкү учурларда Аманатты толуктоого жол берилбейт:
- 6 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө ачылган Аманаттын мөөнөтү бүтөөрүнө 2 ай калган учурда;
- ошондой эле 12 ай жана андан ашык мөөнөткө ачылган Аманаттын мөөнөтү бүтөөрүнө 3 ай калган учурда.
Аманаттын тиби
Мөөнөттүү топтомо аманат
Пайыздарды капиталдаштыруу
Ар кварталда, Пайыздарды капиталдаштыруунун пландуу даталары боюнча (Ар үчүнчү айдын аманат келишимине кол коюлган датага окшош күнү).
Жарым-жартылай алуу
Каралбаган
Пайыздарды төлөө
Каралбаган
Баштапкы аманатты салуу
Келишимге кол коюлган күнү
Мөөнөтүнөн мурда бузуу
Мөөнөтүнөн мурда бузуу мүмкүндүгү менен аманаттын максималдуу мөөнөтү 36 ай. Аманатчынын демилгеси менен мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда пайыздар кайра эсептелет жана пайыздарды капиталдаштыруу шарттары колдонулуусуз, бирок төмөнкү схема боюнча төлөнөт:
  • 12 ай мөөнөтүндө депозитти мөөнөтүнөн мурда бузууда (каражаттардын эсепте турган мөөнөтү 12 айды жана көбүрөөктү түзгөндө) сом менен- 3% пайыздык коюм боюнча кайра эсептөө, рубль менен- 0% пайыздык коюм боюнча кайра эсептөө;
  • 12 айга чейин депозитти мөөнөтүнөн мурда бузууда – 0% пайыздык коюм боюнча кайра эсептөө;
Кошумча маалыматтар
Келишим боюнча автоматтык узартуу каралбаган. Эгерде аманатчы келишимди узарткысы келсе, анда ал аманатты (депозитти) жабуу датасына чейин 3 күндө Банкты эскертип жана келишимдин жаңы шарттарын макулдашууга тийиш. Аманатты (депозитти) жабуу күнүндө аманатчы келбеген жана аманаттын (депозиттин) суммасын талап кылбаган учурда, Банк ошол эле күнү аманаттын (депозиттин) суммасын жана эсептелген пайыздарды Аманатчынын талап кылганга чейин эсебине которот.
Башка шарттар
«Компаньон Банкы» ЖАКы депозиттин мөөнөтүнөн жана суммасына жараша депозиттер боюнча жеке пайыздык коюмдарды коюу укугун өзүнө калтырат.

*Үстөк пайыздарды капиталдаштыруу – бул аманаттын эсептелген пайыздардын суммасына көбөйүшү. Эсептелген үстөк пайыздар ар үч айда келишимге кол коюу күнү менен дал келген күндөр боюнча аманаттын суммасына кошулат.
*Эффективдүү пайыздык чен сом менен 15,29% чейин, рубль менен 3,54% чейин.
"Компаньон Банкы" ЖАК аманаттардын мөөнөтүнө жана суммасына жараша аманаттар боюнча жеке пайыздык чендерди коюга өзүнүн укугун сактап калат.
2024-жылдын 1-мартан баштап жарактуу.
Депозитти ачуу үчүн, мобилдик тиркемеде алдын ала банктык эсепти ачуу керек. Эсеби бар болгон банктын кардарлары үчүн жаңы эсепти ачуунун кереги жок.
“Компаньон” тиркемесинде депозит ачуу үчүн төмөнкү аракеттерди жасоо зарыл:
1. Тиркеменин башкы бетинде «Банктык продуктулар» функционалдык менюсунан «Топтолуучу Депозити» бөлүгүн тандоо;
2. «Депозиттер» бөлүгүндө тизмеден «Жаңы депозит ачуу» дегенди тандоо;
3. Кийинки ачылган терезечеде депозит тууралуу маалымат менен таанышып, депозитти эсептөө үчүн “Андан ары” баскычын басуу;
4. Депозитти эсептөө терезечесинде төмөнкү талаачаларды толтуруу:
✓ «Депозиттин суммасы» — алгачкы салымдын суммасы көрсөтүлөт;
✓ «Депозиттин мөөнөтү» — убактылуу шкаладан депозиттин мөөнөтү тандалат;
✓ «Пландалган ар ай сайын толуктоо» — ар айлык толуктоонун суммасы көрсөтүлөт.
Талаачаларды толтургандан кийин, депозиттин жалпы суммасы, ар айлык толуктоонун суммасы жана депозит боюнча киреше эсептелип, көрсөтүлөт.
5. Депозитти ачууну тастыктоого өтүү жана акчаны чыгарып алуу үчүн эсепти көрсөтүү үчүн “Андан ары” баскычын басуу.
6. «Ырастоо» терезечесинде мурда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын карап чыгып керек
7. Акчаны чыгарып алуу эсебин тандагандан кийин, берилген жөндөөлөр боюнча депозитти ачуу үчүн “Андан ары” баскычын басуу зарыл.

Депозиттин ачылгандыгы тастыкталгандан кийин, операция бир канча убакыт иштетилет, андан кийин депозит ийгиликтүү ачылгандыгы тууралуу маалымат пайда болот. Ачылган депозит “Депозиттер” бөлүгүндө көрсөтүлөт.
Сиздин Компаньон.
Сиздин мобилдик банкыңыз.
Эсептериңизге жана онлайн которууларга 24/7 жеткиликтүүлүк, кызматтар үчүн төлөө жана башка артыкчылыктары
Суроолоруңуз барбы?
Веб-сайтыбызда эң жакшы тажрыйбаны берүү үчүн cokie-файлдарын колдонобуз.
OK